Редакцияот 03.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 3-августу № 23

Тамга  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн

2023-жылга карата бекитилген бюджеттин чыгымдар бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө

 

             Тамга айылдык аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында, Тамга айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусунун негизинде, Тамга айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.              Тамга айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетине “бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салык” түрүнөн ашыкча кирешелер түшкөндүгүнө байланыштуу Тамга айыл аймагына караштуу Тамга айылындагы “Аэропорт” жаңы конушунун электр чубалгыларын жана электр трансформаторун орнотууга 2,0 (эки милллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.              Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу Тамга айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.              Тамга айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн көбөйтүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жети-Өгүз райондук башкармалыгынан суралсын.                                                           

4.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жүргүзүү жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

 

 А.А. Букаров