Редакцияот 03.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 3-августу № 24

Тамга  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн

2023-жылга карата бекитилген бюджетинин сарпталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Тамга айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында, Тамга айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусунун негизинде, Тамга айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.              Тамга айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетиндеги төмөнкү чыгымдар бөлүгүнүн:

1)    Тосор айылы боюнча:      

1)    Жер участокторун трансформациялоого – 480,0 миң сом;

2)    Кыян-сел агып өтүүчү темир-бетон лотокко – 200,0 миң сом;

3)    Үрөн себүүчү шайман (сеялка) алууга – 350,0 миң сом;

2)    Тамга айылы боюнча:

1)    Тамга айылдык маданият үйүн капиталдык оңдоого каралган – 1235,0 миң сом акча каражаттарынын багытын төмөнкү чыгымдар бөлүгүнө багытталып жумшалсын:

1)    Тосор орто мектеби – 600,0 миң сом;

2)    Тосор айылдык фельдшердик-амбулатордук бөлүмүнүн имаратын оңдоп-түзөөгө  - 430,0 миң сом;

3)    Тамга айылдык “Байчечекей” балдар бакчасына – 290,0 миң сом;

4)    Тосор жалпы орто билим берүү мектебинин бир классына эмерек-жабдыктар жана интернет класс уюштурууга – 185,0 миң сом;

5)    Көмүр сатып алууга – 75,0 миң сом;

6)    Тамга айылынын Кыдыргыч уулу Чекиш көчөсүнө көпүрө орнотууга – 100,0 миң сом;

7)    Тамга айылынын ички арыктарын тазалатып, оңдоп-түзөөгө – 200,0 миң сом;

8)    Иш чара өткөрүүгө – 80,0 миң сом;

9)    Жети-Өгүз райондук резервдик ротасына материалдык жардам берүүгө – 70,0 миң сом тиешелүү статья, классификациялардан  ылайык келген статья классификацияларга ич ара жылдырууга уруксаат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу Тамга айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Тиешелүү статья, классификациялардан ылайык келген статья классификацияларга ич ара которуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жети-Өгүз райондук башкармалыгынан суралсын.                                                            

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жүргүзүү жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

 

 А.А. Букаров