ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-августу № 27
Кыргыз Республикасындагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын филиалынан жана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан, Тамга айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн акча каражытын пайдалануу жөнүндө
Тамга айыл өкмөтүнүн атайын эсебине, Кыргыз Республикасындагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын филиалынан келип түшкөн 18 000 (он сегиз миң) сом акча каражаты, Тамга айыл өкмөтү тарабынан семинар өткөрүүгө жана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан келип түшкөн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты максаттуу түрдѳ пайдалануу максатында, айыл ѳкмѳтүнүн бул маселе боюнча берген сунушун ар тараптан карап чыгып, Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Тамга айыл өкмөтүнүн атайын эсебине, Кыргыз Республикасындагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын филиалынан келип түшкөн 18 000 (он сегиз миң) сом акча каражаты, Тамга айыл өкмөтү тарабынан семинар өткөрүүгө жана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан келип түшкөн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты, Тамга айылындагы “Аэропорт” жаңы конушунун электр чубалгыларын жана электр трансформаторун орнотууга чыгымдалсын.
2. Тамга айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Ж.К.Орозбаковго акча каражатын максаттуу чыгымдоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрүү жагы Тамга айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин пландоо, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Т.Баямановго тапшырылсын.
Тѳрага |
| А.А. Букаров |