Редакцияот 14.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XIII сессиясы

2023-жылдын 14-июну № 13

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине”   жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо иретинде ЦАРСИ КООМДУК УЮМУнун жетекчиси Байгазы кызы Индиранын сунушун угуп, талкуулап Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.            Төрт-Күл айыл аймагын кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун типтүү эрежелерине ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин.

2 Төрт-Күл айыл аймагы боюнча жеке жактардын чарбаларында малды багуу

эрежелери боюнча укук ченем документи кабыл алынсын.

3. Жергиликтүү маанидеги “Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып

чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттердин тизмеси кабыл алынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын турмуш тиричилик жактан тейлѳѳ боюнча

жетектѳѳчү адис Б.Дакеновго жана айыл чарба жана мал чарбасы боюнча адис А.Ибраевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.

 

Төрага

М.Жунушалиев