ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 14-июну № 14
“Либертан” ОсОО жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, “Либертан” ОсОО жоопкерчилиги чектелген коомунун мүчѳсү Жаманов Руслан Кадырбековичтин билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Либертан” ОсОО жоопкерчилиги чектелген коомунун билдирүүсү боюнча геологиялык издѳѳ, геологиялык чалгындоо, казуу, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгѳ жайыттарды, мѳңгүлѳрдү сактап калуу максатында, коомчулуктун пикирин эске алып уруксаат берилбесин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айыл чарба жана мал чарбасы боюнча адис А.Ибраевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Жунушалиев |