Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын

 

2024-жылы 19-февралы №8

 

“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Живпром участогунун тургуну Джээнбеков Абдумуталип Насирдиновичтин турак жай куруу багытындагы жер аянтын, мечит курууга багытын өзгөртүп берүү

жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-беренесинин талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын жерлерин трансформациялоо боюнча 15.07.2013-жылдагы №145-редакцияланган мыйзамынын 1-беренесинин 5,18-пункттарын жетекчиликке алып, Джээнбеков Абдумуталип Насирдиновичтин жазган арызынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айыл аймагынын Живпром участкасында жайгашкан, Джээнбеков Абдумуталип Насирдиновичтин жалпы аянты 400,0 чарчы метр болгон жеке менчик, идентификациялык код номер 3-05-12-1007-2218 турак жай курууга жер категориясындагы жер тилкесин, мечит куруу быгыттагы жер аянты категориясына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Сузак райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан Сузак райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Сузак районунда курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы суралсын.

 

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына реестрге киргизүү жагы Таш-Булак айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, мыйзамдын талаптарына жооп берген иш кагаздарды даярдап, максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго, жер адис А.Сатвалдыевге тапшырылсын.

 

5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы

М.С. Алтыбаева