ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы
2023-жылдын 22-февралы № 8
“Карды-Жарык” участкасына электр чордонун орнотуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Тѳрт-Күл айыл Өкмөт башчысы Ж.Зарнаевдин сунушун угуп, талкуулап Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төрт-Күл айыл аймагына караштуу “Карды-Жарык” участкасына электр чордонун орнотуу жана электр чубалгыларын тартуу жагы Тоң районунун ѳнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.“Карды-Жарык” участкасынын №282 контурдун ичинде жайгашкан муниципалдык менчиктеги 9м2 жер аянтына электр чордонунун ордуна электр чордонун орнотууга уруксаат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы Ж.Зарнаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын Төрт-Күл айылдык Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына жана Төрт-Күл айылдык Кеңешининин жер жана агрардык маселелер, өнөр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат көрсөтүү боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага | М.Жунушалиев |