Редакцияот 29.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы

2022-жылдын 29-июлу № 87

Жети-Өгүз  райондук жалпы  дарыгерлер-практикалык  борборунун атын өзгөртүү  жөнүндө

 

 

      2022-жылдын   29-июль  айындагы Кызыл-Суу айылында жайгашкан, Жети-Өгүз  райондук жалпы  дарыгерлер-практикалык борборунун  дарыгерлер тобунун  кайрылууларын  карап чыгып,  талкуулап  айылдык кенешинин 13-сессиясы 

 

. ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1.2022-жылдын   29-июль айындагы  Кызыл-Суу айылында жайгашкан, Жети-Өгүз  райондук жалпы  дарыгерлер-практикалык борборунун  дарыгерлер тобунун  кайрылуулары  эске алынсын.

2. Кызыл-Суу  айылында  жайгашкан Жети-Өгүз  райондук жалпы  дарыгерлер-практикалык  борборунун аты  “ Жети-Өгүз райондук Чыныбаев Садырбек Абдрасулович атындагы    жалпы дарыгерлер-практикалык борбору”  болуп сунушталсын.

3.Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигнин Ысык-Көл областтык башкармалыгына реестрге каттого киргизүү жагы айылдык кенештин катчысы А.Ташбаевага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Кыдывге таршырылсын.

Айылдык Кеңешинин төрайымдын

орун басары

 

Ж. Асаналиев