Редакцияот 29.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы

2022-жылдын 29-июлу № 88

Кызыл-Суу  айыл  өкмөтүнүн  2022-жылга   бекитилген   жергиликтүү бюджетинин  чыгымдар бөлүгүндө  Кыргыз  Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  шарттарынын  негизинде тиешелүү  өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  Бюджеттик  Кодексинин 115-беренесинин  4-пунктуна  ылайык жана  Кызыл-Суу  айылдык Кенешинин  бюджет  жана финансы  маселелери  боюнча туруктуу  комиссиясынын  отурумунун протоколунун  негизинде,  айыл өкмөтүнүн  башчысынын  жана муниципалдык  ишканалардын  жетекчилеринин  берген эсептөөлөрүн  ар  тараптан карап  чыгып,  талкуулап жана  ошондой  эле бүгүнкү күнгө  чейин  пайдаланылбай турган  акча  каражаттарынын  натыйжалуу пайдалануу  максатында  айылдык Кенештин  13-сессиясы

 

. ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

          1.Кызыл-Суу  айылдык  Кенешинин 28-чакырылышынын  8-сессиясынын  2021-жылдын 27-декабрындагы   №60  токтомунда каралган  70629 “ЖКХ”  бөлүмүнүн 31113390  “Башка курулмалардын  капиталдык  ремонту” статьясындагы  3200000  сомдук, айылдык  Кенештин  11-сессиясынын  2022-жылдын 25-мартындагы  №72  токтомунда каралган  70629  “ЖКХ” бөлүмүнүн  31112210  “Башка өндүрүштүк  имараттарды  сатып алуу”  статьясындагы  4675000 сомдук,  баардыгы  7875000 (жети  миллион  сегиз жүз  жетимиш  беш  мин)  сомдук акча  каражаты  пайдаланылбай тургандыгын  эске  алып, бюджеттин  акча  каражаттарын натыйжалуу  пайдалануу  максатында төмөндөгүдөй  жумуштарга  кайрадан бөлүштүрүп  берилсин.

 

№

Иш чаралар

Функционалдык  классификация

Элемент

Сумма сом

1

Б.Ибраев  көчөсүн  реконструкциялоо  жумуштарына

70629  “ЖКХ”

31113390

2104100 сом

2

Сырт  өрөөнүндө  чабандын  үйүн,  чөп  сактоочу  жайды  жана  короону  салуу  үчүн.

70629  “ЖКХ”

31113390

1341800  сом

3

Маданият  үйүнүн Фойесине  штор  сатып  берүүгө.

 

70823

31123290

54000 сом

4

Маданият  үйүнүн  утурумдук  ремонтуна.

70823

22211100

100000 сом

5

Маданият  үйүнүн  аймагындагы  аянтты  бетондоп  түздөө  иштерине,  кошумча  шагыл  таш  төгүү  жумуштарына

70823

31113390

170200  сом

6

Айыл  өкмөтүнүн  имаратынын  ичине  2 (эки)  скамейка  сатып  алууга.

70111

31123290

10000 сом

7

Айыл  өкмөтүнүн  базасында  республикалык  семинар  өткөрүүгө  чыгымдар

70111

22154900

202800  сом

8

Кичи  Кызыл-Суу  суусундагы  табияттын  кырсыктарынын  кесепеттерин  жоюу  боюнча  жумуштарга.

70629 “ЖКХ”

22154900

1340100  сом

9

Жаштар  арасында  спорт  оюундарын  өткөрүүгө  кошумча  акча  каражаты

70811  “Спорт”

22154900

50000  сом

10

“Кызыл-Суу  Тазалык”  МИ  кошумча  жумуштары

70629 “ЖКХ”

22154900

1159500  сом

11

“Кызыл-Суу  суу  канал” МИ  кошумча  жумуштары  жана  лизингке  алынган  эксковатор  үчүн  кредит  төлөмдөрүнө

70629 “ЖКХ”

22154900

998500  сом

12

“Агрозооветсервис”  МИ  жылкыларды  идентификациядан өткөрүү  чыгымдары

70629 “ЖКХ”

22154900

194400  сом

13

Ленин  атындагы  мектептин  кашаларын  жылдырууга  жана  имараттын  тегерегин  цементтөөгө

70921  “СШ”

31113390

149600  сом

 

Баардыгы:

 

 

7875500  сом

 

2.Айыл өкмөтүнүн  башчысы  Т.Асаналиевге жана  финансы  экономика бөлүмүнүн  башчысы  К.Казыбековго сессиянын  токтомунун  негизинде 2022-жылга  каралган  жергиликтүү бюджеттин  чыгымдарына  тиешелүү өзгөртүүлөрдү  киргизип  иш жүргүзүү  жагы  милдеттендирилсин.

3.Кыргыз  Республикасынын  Каржы  министирлигинин  Жети-Өгүз башкармалыгынын  башчысы  Н.Э.Алиевден бюджеттин  чыгашалар  бөлүгүндө тиешелүү  жылдырууларды  жүргүзүп берүү  жагы  суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айылдык  Кенештин  бюджет жана  финансы  маселелери боюнча  туруктуу  комиссиясына жана  айыл  өкмөтүнүн башчысы  Т.Асаналиеге  тапшырылсын.

 

Айылдык Кеңешинин төрайымдын

орун басары

 

Ж. Асаналиев