Редакцияот 29.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы

2022-жылдын 29-июлу № 91

Айыл  чарба  багытындагы жер  салыгынын  ордун толуктоо  үчүн

Республикалык  бюджеттен максатуу  трансферт аркылуу  келген

акча  каражатын 2022-жылдын  бюджетине  кошумча пайдалануу  жөнүндө

 

       Айыл чарба  багытындагы  жер салыгынын  ордун  толуктоо үчүн  Республикалык  бюджеттен максатуу  трансферт  аркылуу келген  556500    сомду максатуу  түрдө пайдалануу максатында,айыл  өкмөтүнүн  бул маселе  боюнча  берген сунушун  ар  тараптан карап  чыгып,  талкуулап айылдык  Кенештин  13-сессиясы 

 

Токтом  кылат.

 

      1.Кызыл-Суу  айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын  жергиликтүү бюджетине  Республикалык  бюджеттен трансферт  катары  келип түшкөн  556500  сом акча  каражаты  төмөндөгү жумуштарга  чыгымдалсын,  Кыргыз Республикасынын  каржы  министрлигинин  Жети-Өгүз райондук  башкармалыгынын  айыл өкмөтүнүн  2022-жылга  бекитилген бюджетинин  кирешелер  жана чыгашалар  бөүгүн  жогоруда көрсөтүлгөн  556500  сомго көбөйтүп  берүү  жагы суралсын   (сметасы  тиркелет).

 

 

№

Иш чаралар

Функционалдык  классификация

Элемент

Сумма, сом

1

“Наристе”  балдар-  бакчасынын  жылуулук  системасынын  капиталдык  ремонтун,  от  жагуучу  жайын  жана  көмүр  сактоочу  кампасын  куруу  иштерин  аягына  чыгарууга  кошумча  акча  каражаты

70911 “Балд бакча

31112390

400,0 мин сом

2

Жалгыз-өрүк  айылындангы  А.Рысмендеев  мектебине  кире  бериш  жерге  танбур  салууга

70921  “Орто  мектеп”

31112390

94,0 мин сом

3

Айыл  өкмөтүнүн  аймагында  ар  кандай  маданий  массалык  иш  чараларды  өткөрүүгө

70823 “Маданият  үйү”

22154900

62,5 мин сом

 

Баардыгы

 

 

556,5 мин сом

 

 

        2.Айыл  өкмөтүнүн башчысы  Т.Асаналиевге  жана финансы-экономика  бөлүмүнүн  башчысы К.Казыбековго  сессиянын  токтомунун негизинде  жогоруда  аталган жумуштарды  каржылоо  жагы милдеттендирилсин.

 

         3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  Кенештин бюджет  жана  финансы маселелери  боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы  Р.Иманалиевге жана  айыл  өкмөтүнүн башчысы  Т.Асаналиевге  тапшырылсын.