Редакцияот 29.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы

2022-жылдын 29-июлу № 95

Кызыл-Суу  айылындагы Комсомолго  40-жыл  көчөсүнүн

атын өзгөртүү  жөнүндө

 

     2022-жылдын 18-март  айындагы  Кызыл-Суу айылындагы  Комсомолго 40-жыл   көчөсүнүн жашоочуларынын  кайрылууларын  карап  чыгып,  талкуулап айылдык  кенешинин  13-сессиясы 

 

 

. ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

       1.2022-жылдын   18-март  айындагы Кызыл-Суу айылындагы  Комсомолго 40-жыл  көчөсүнүн  жашоочуларынын    кайрылуулары  эске алынсын.

        2.Кыргыз  Республикасынын  географиялык аталыштар  жөнүндөгү  мыйзамынын 7-беренесинин  негизинде  Кызыл-Суу айылындагы  Комсомолго 40-жыл   көчөсүнүнатыКызыл-Суу  айылынын Улуу  Ата-Мекендик  согуштун жана  эмгектин ардагери   болгон    Дыйканбаев  Касымдын  ысымы берилсин,   Комсомолго 40-жыл   көчөсү Касым  Дыйканбаев   атындагы көчө  болуп   өзгөртүлсүн.

         3.Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигнин Ысык-Көл областтык башкармалыгына реестрге каттого киргизүү жагы айылдык кенештин катчысы А.Ташбаевага жүктөлсүн.

      4.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары  Ж.Кыдевге таршырылсын.

Айылдык Кеңешинин төрайымдын

орун басары

 

Ж. Асаналиев