Редакцияот 17.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 15-сессиясы

2022-жылдын 29-июлу № 108

Кызыл-Суу  айыл  аймагынын айыл  өкмөтүнүн

2022-жылдын  жергиликтүү  бюджетине өзгөртүүлөрдү

киргизүү  жөнүндө

 

          Кызыл-Суу  айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн 2022-жылдын  жергиликтүү  бюджетине Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик кодексинин  VI-бөлүмүнүн  “Бюджет аралык  мамилелер”, 8-главасындагы  “Бюджет  аралык мамилелердин  жалпы  жоболору жана  принциптери”, 44-беренесинин  4-пунктуна  ылайык, айылдык  кенешинин  “Бюджет жана  финансы  маселелери” боюнча  туруктуу  комиссиясынын кароосунда  каралып, Кызыл-Суу  айыл  аймагынын айыл  өкмөтүнүн  башчысы Т.Асаналиевдин  сунуштарын   угуп жана  талкуулап  айылдык Кенешинин  сессиясы

 

Токтом  кылат:

 

         1.Кызыл-Суу  айыл  аймагынын айыл  өкмөтүнүн  2022-жылдын жергиликтүү  бюджетине  Кыргыз Республикасынын  бюджеттик  кодексининVI-бөлүмүнүн  “Бюджет  аралык мамилелер”, 8-главасындагы “Бюджет  аралык  мамилелердин жалпы  жоболору  жана принциптери”, 44-беренесинин 4-пунктуна  ылайык,  2022-жылдын 10  айынын  жыйынтыгы менен  кирешелердин  чыгашалардан ашык  түшкөн  акча  каражаттарын  төмөнкү бөлүмдөргө  каржылоо  үчүн киреше  жана  чыгаша бөлүмүнүн  кошумча  планын көбөйтүп  берүү  жагы Кыргыз Республикасынын   финансы  министирлигинин  Жети-Өгүз райондук  башкармалыгынан  суралсын.

 

№

Иш чаралар

Функционалдык  классификация

Элемент

Сумма, сом

1

“Арча”  балдар  бакчасынын  жаны  имарат  салууга  иш  кагаздарын  даярдоо  иштерине.

 

70911  “Бала  бакча”

22154900

475000

2

Орто  мектептерге  ар  кандай  проектилерди  тартып  келүүго  проект  сметалык  жана  архитектуралык  иш  кагаздарды  даярдоо  жана  башка  жумуштарга

 

70921  “Орто  мектептер”

22154900

815400

3

Маданият  үйүнө  маданий  массалык  иш  чараларды  аткарууга

70823 “Маданият  үйү”

22154900

150000

4

Айыл  өкмөтүнүн  аппаратына  командировка  чыгымдарын  көбөйтүп  берүүгө

70111 “Аппарат”

2211

20000

5

“Кызыл-Суу  Тазалык”  муниципалдык  ишканасына  тротуар  тазалоочу  атайын  техника  сатып  алууга

70629 “ЖЧХ”

31121290

800000

6

Айыл өкмөтүнүн ЖЧХ  бөлүмүндө  кошумча  жумуштарды  жүргүзүүгө

70629 “ЖЧХ”

22154900

3772700

7

Айылдык  китепкана  кызматкерлеринин  эмгек  акысына

70821 “Айылдык  китепкана”

2111

48500

8

Айылдык  китепкананын  социалдык  фондго  чегерүүлөрү  (17,25 %)

70821 “Айылдык  китепкана”

2121

6700

9

Маданият  үйүнүн  кызматкерлеринин  эмгек  акысына

70823 “Маданият  үйү”

2111

61400

10

Маданият  үйүнүн  социалдык  фондго  чегерүүлөрү  (17,25%)

70823 “Маданият  үйү”

2121

10300

11

Спорткомплекстин  кызматкерлеринин  эмгек  акысына

70811  “Спорт  комплекс”

2111

107100

12

Спорткомплекстин  социалдык  фондго  чегерүүлөрү  (17,25%)

70811  “Спорт  комплекс”

2121

19000

 

 

Баардыгы

 

 

 

6286100

 

 

 

  2.Кызыл-Суу  айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн башчысы  Т.Асаналиевге  жана финансы-экономика   бөлүмүнүн  башчысы К.Казыбекого акча  каражатын  максаттуу чыгымдоо    жагы  милдеттендирилсин.

 

        3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айылдык Кенештин  бюджет  жана финансы  маселелери  боюнча туруктуу  комиссиясына  жана айыл  өкмөтүнүн  башчысы Т.Асаналиевге  тапшырылсын.