Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын

 

2024-жылы 19-февралы №11

 

“Таш-Булак айыл аймагынын Эски-Арал участогунун тургуну Рысбаева Асельдин короосунун жанындагы 0,04га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25, 29-беренелерине ылайык Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХХ сессиясы

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Таш-Булак айыл аймагынын Эски-Арал участогунун тургуну Рысбаева Асельдин короосунун жанындагы 0,04га жер тилкесин Таш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

 

2.     Таш-Булак айыл аймагынын Эски-Арал участогунун тургуну Рысбаева Асельдин иш кагаздарын мыйзам негизинде тактап, атайын төлөмдөрдү төлөөсүн камсыз кылып, жер тилкесин өлчөп өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сатвалдыевге тапшырылсын.

 

3.     Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.

 

          5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

          6. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы

М.С. Алтыбаева