АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 18- сессиясы
2023-жылдын 19-октябры № 28/19-8
Көк-Дөбө айылына ФАП куруу жөнүндө
Көк-Дөбө айылынын тургундарынын жыйынын чечиминин негизинде жана Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун жана “Киреше жана финансы” боюнча жетектөөчү адиси- Агатаева Төлөн Маликовнанын маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьево айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде айыл жергесинде айылдык инфраструктураны өнүктөрүүгө карата ФАП салууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | С.К.Мамагулов |