Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы

2023-жылдын 12-июну № 17

Көл-Төр айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин  болжолун бекитүү жөнүндө

 

Көл-Төр айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга  кабыл алынуучу жергиликтүү  бюджетин бекитүү боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап  Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1.              Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга карата бюджетинин көлөмү №1-тиркемеге ылайык: 

- 2024-жылга карата Көл-Төр айыл айыл аймагынын бюджетинин көлөмү киреше жана чыгаша боюнча жалпы 15306.2 миң (он беш миллион үч жүз алты миң эки жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинен  теңдөөчү грант 9945,0 миң (тогуз миллион тогуз  жүз  кырк беш миң ) сом өлчөмүндө;

- 2025-жылга карата  жалпы 15693,8 миң (Он беш миллион алты жүз токсон үч миң сегиз  жүз) сом, анын ичинен теңдөөчү грант 9945,0 миң сом өлчөмүндө;

- 2026-жылга карата жалпы  15694,8 миң (он беш миллион алты  жүз токсон торт миң  сегиз жүз) сом, анын ичинен теңдөөчү грант 9945,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана каржы-экономика бөлүмүнө, көзөмөл кылуу жагы бюджет комитетине жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова