КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 21-августу № 20
Административдик аймактык реформа жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 18.10.2022-жылдагы №350 “Кыргыз Республикасында административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 15.08.2023-ж. №318 тескемесин ишке ашыруу максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тоң районунун Ак-Терек жана Көл-Төр айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2. Бириккен айыл аймагын “Алагөз-Каба” же “Айдың-Көл” айыл аймагы деп атоо жагы сунушталсын жана анын борбору Кара-Коо айылында жайгашсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң районунун мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Намазбекова |