КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 23
Элдик курултайдын делегаттарын шайлоого даярдык көрүү
жана өткөрүү жөнүндө
2023-жылдын 29-августундагы ПЖ №215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына” ылайык Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү 2023-жылдын 18-ноябрына белгиленсин.
2. Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ бекитилсин:
- Намазбекова Акинай Дамирбековна- айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун төрайымы;
- Туратбеков Шекербек - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;
- Болотбеков Чыңгыз Болотбекович - айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
- Асанкадыров Султан Жаныбекович - айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
- Үсөнбек уулу Медет - айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
- Кененбаев Адилет Келдибекович - Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
- Кубанычбек уулу Санжар - Көл-Төр айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
- Нурбек уулу Кыдырбек -Коңур-Өлөң айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
3. Өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны көрсөтүлгөн нормага ылайык, айыл аймагындагы калктын санына жараша 40 адам өлчөмүндө бекитилсин.
4. Айыл аймагынын айылдарындагы калктын санын эске алуу менен өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн санынын төмөндөгүдөй нормасы бекитилсин:
- Тогуз-Булак айылындагы жергиликтүү жамааттан – 21 өкүл;
- Көл-Төр айылындагы жергиликтүү жамааттан – 11 өкүл;
- Коңур-Өлөң айылындагы жергиликтүү жамааттан – 18 өкүл.
5. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын өткөрүүнүн графиги төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Тогуз-Булак айылында – 2023-жылдын 17-октябры (жооптуу - Ч.Болотбеков);
- Көл-Төр айылында – 2023-жылдын 18-октябры (жооптуу - С.Асанкадыров);
- Коңур-Өлөң айылында –2023-жылдын 19-октябры (жооптуу-Үсөнбек уулу Медет).
6. Жумушчу топко Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына” жана “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобого” ылайык иштерди алып баруу тапшырылсын.
7. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүү, жергиликтүү курултайдын делегаттарына мандаттарды даярдоо жана башка уюштуруу иштерине кетүүчү каражаттарды карап берүү жагы тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| А.Намазбекова |