Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы

 

2023-жылдын 2-октябры № 24

Арис программасынын COVID-19га жооп кайтаруу жөнүндөгү үчүнчү айылдык инвестициялык долбоорунун алкагында “Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагына караштуу Коңур-Өлөң айылынын К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин дубалын жылуулоо” чакан долбоору жөнүндө

Көл-Төр айыл аймагынын башчысы Т.Рыспай уулунун айыл аймагы боюнча АИД-3 ДФ тарабынан аткарылып жаткан “Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагына караштуу Коңур-Өлөң айылынын К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин дубалын жылуулоо” боюнча долбоордук иш-чаралары жана чакан долбоорлор жөнүндө маалыматы менен таанышып, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин эске алуу менен Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.            Көл-Төр айыл аймагынын Коңур-Өлөң айылындагы К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин дубалын жылуулоо боюнча долбоорунун баасы 5 526 160 сом болуп бекитилсин. Анын ичинен 4 698 000 сом, жергиликтүү бюджеттен 828 160 сом.

2.            Көл-Төр айыл аймагынын социалдык-экономикалык планына 2023-жылга “Коңур-Өлөң айылынын К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин дубалын жылуулоо” долбоору киргизилсин.

3.            Чакан долбоордук сунушта көрсөтүлгөн чакан долбоордун объектисин күтүүгө жана эксплуатациялоого жергиликтүү бюджеттен чыгашаларды бекитилсин.

4.            Айыл өкмөтүнүн башчысы чакан долбоордук сунуштарды жана чакан долбоорлор боюнча тиешелүү документтерди АРИСке өз убагында берүүнү камсыз кылсын.

5.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова