Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы

 

2023-жылдын 2-октябры № 25

Жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 15.07.2022-ж. №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына ылайык, Көл-Төр айыл аймагынын башчысы Т.Рыспай уулунун билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.            Көл-Төр айыл аймагынын Коңур-Өлөң айылынын “Күңгөй-Булак” участогунун №228 контурунан (1994-ж. карта боюнча) 3,5га жайыт жер аянтынын максаттык багытын өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

2.            Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын “Көк-Темир” участогунун №124-контурунан (1994-ж. карта боюнча) 3,3га жайыт жеринин ичинен 0,15га жайыт жер аянтынын максаттык багытын өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

 3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлдөө жагы пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова