Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июлу № 70
Алга айыл өкмөтүнүн жер фондунун Инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндөгү” “114 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы №13-7/11 буйругунун жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 29-мартындагы №1-5/89-б буйругунун жана Алга айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-июлундагы №02-10/118 буйругунун негизинде, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы даярдаган Алга айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдарынын баяндамасын карап жана талкуулап Алга айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдары бекитилсин.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Алга айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Алга айылдык Кенешинин төрагасы: |
Ш.Акбаров |