ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын
2024-жылы 19-февралы №14
“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургуну Рахманова Разияхон Расуловнанын арызын кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-б, 1,3,5,17пп жетекчиликке алып жана Рахманова Разияхон Расуловнанын жазган арызынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургуну Рахманова Разияхон Расуловнанын жазган арызы эске алынсын.
2..Жаңы-Арал участогундагы Р.Козукеев көчөсүндөгү 0,02га муниципалдык менчикте турган жер аянтын Рахманова Разияхон Расуловнага жеке менчикке өткөрүп берилсин.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына реестрге киргизүү жагы Таш-Булак айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, мыйзамдын талаптарына жооп берген иш кагаздарды даярдап, максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго, жер адис А.Сатвалдыевге тапшырылсын.
5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы | М.С. Алтыбаева |