Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы

 

2023-жылдын 27-октябры № 27

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине дем берүүчү (үлүштүк) грантка өздүк салым катары акча каражатын киргизүү жөнүндө

 

Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.            Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине дем берүүчү (үлүштүк) грантка Тогуз-Булак айылдык маданият үйүнүн көрүүчүлөр залын капиталдык ремонттон өткөрүүгө долбоор даярдалып жаткандыктан, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жана техникалык көзөмөлүнө 2023-жылдагы бош калдык акча каражатынын эсебинен  өздүк салым катары 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын. 

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова