ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын
2024-жылы 19-февралы №15
“Таш-Булак айыл аймагынын Теплица участогунун тургуну Майлыбаева Гулнара Анарбаевнанын короосунун жанындагы 0,0167га жер тилкесин өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25, 29-беренелерине ылайык жана Г.Майлыбаеванын жазган арызынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Теплица участогунун тургуну Майлыбаева Гулнара Анарбаевнанын короосунун жанындагы 0,0167га жер аянты атайын депутаттык комиссиясынын актысынын негизинде өткөрүү боюнча сунуштамасы эске алынсын.
2. Таш-Булак айыл аймагынын Теплица участогунун тургуну Майлыбаева Гулнара Анарбаевнанын короосунун жанындагы 0,0167га жер тилкесин, баалоонун негизинде жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Таш-Булак айыл аймагынын Теплица участогунун тургуну Майлыбаева Гулнара Анарбаевнанын иш кагаздарын мыйзам негизинде тактап, атайын төлөмдөрдү төлөөсүн камсыз кылып, жер тилкесин өлчөп өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сатвалдыевге тапшырылсын.
4. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.
5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы | М.С. Алтыбаева |