Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын

 

2024-жылы 19-февралы №18

 

“Ынтымак айылынын Жаңы-Арал участогундагы аты  жок  көчөгө Алымкулов Токторалинин атын  коюу жөнүндө”

 

Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19 августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке  алып, Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу  Ынтымак  айылынын Жаңы-Арал участогунун тургуну Алымкулов Улукбектин жазган арызын жана 2024-жылдын 05-февралындагы өткөрүлгөн  чогулуштун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХХ сессиясы

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке  алып, түндүк чыгыш тарабынан Р.Козукеев көчөсү менен чектешкен, ал эми түштүк батыш тарабынан Жалал-Абад шаарынын Т.Алымкулов көчөсү менен чектешкен Жаңы-Арал участогунун аты жок  көчөсүнө  “Алымкулов Токторали”нин  аты ыйгарылсын.

2.Бул көчөдөгү үйлөрдү  номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу жагы Алымкулов Улукбекке жүктөлсүн.

3.Алымкулов Токторалинин аты  коюлгандыгы жөнүндө  жергиликтүү калкка жана  тиешелүү мекеме, уюмдарга маалымдоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго милдеттендирилсин.

4.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы

М.С. Алтыбаева