Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры № 76
Алга айыл өкмөтүнүн 8145 УШКдагы шайлоочулардын саны 2500 кишиден ашып кеткендигине байланыштуу шайлоо участкасын бөлүү жөнүндө
Алга айыл өкмөтүнүн 8145 УШКдагы шайлоочулардын саны 2500 кишиден ашып кеткендигине байланыштуу шайлоо участкасын бөлүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Алга айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Алга айыл өкмөтүнүн 8145 УШКдагы шайлоочулардын саны 2500 кишиден ашып кеткендиктен №8145 УШК калтырылып, Алга-1 бөлүмүндөгү шайлоочуларды башка шайлоо участкасын түзүп “Өрнөк” атындагы орто мектебине жылдырылсын.
2. №8145 УШКдагы шайлоочуларды бөлүү үчүн даярдалуучу иш кагаздарды Алга айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук адам укугун коргоо этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Алга айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш. Акбаров |