Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы

 

2023-жылдын 2-октябры № 28

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2023-жылга Республикалык бюджеттен келген акча каражатын  жана теңдөөчү гранттын экономдолгон бөлүгүн бөлүштүрүү жѳнүндѳ

Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга Республикалык бюджеттен келип түшкөн  акча каражатын жана теңдөөчү гранттын экономдолгон бөлүгүн бөлүп берүү боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап 2023-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1.            Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы теңдөөчү гранттын  экономдолгон бөлүгүн:

- башкаруу бөлүмүнүн 2111беренеси боюнча 115900сом, 2121беренеси боюнча 81700сом    - китепкана бөлүмүнүн 2111беренеси боюнча 3700сом, 2121 беренеси боюнча 16000сом акча каражатын:

- Коңур-Өлөң айылындагы К.Иманалиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо үчүн электр мешине жана электр эсептегичине;

- 70921 бөлүмүнө 31122290 беренесине 30000 сом; 22221200беренеси 10500сом;

Айыл өкмөттүн ХОВО автомашинасына  дөнгөлөк алууга 160000сом, антифриз алууга 5800сом, аккумулятор алууга 11000сом;

- 70629 бөлүмү 22141200 беренеси 171000, 22141100беренеси 6000сом.

1.            Республикалык бюджеттен келип түшкөн бирдиктүү салыктын акча каражатын:

- Коңур-Өлөң айылындагы К.Иманалиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо үчүн электр мешине 30000сом, электр эсептегичине 3500сом;

70921 бөлүмүнө 31122290 беренесине 30000сом; 22221200 беренеси 3500сом,

- Башкаруу бөлүмүнүн иш сапарлар чыгымдарына 6400сом.

Бардык каражат: Теңдөөчү гранттын суммасы 217300 сом, Республикалык бюджеттин атайын каражатынан 39 900сом.

3. Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга Республикалык бюджеттен  келип түшкөн акча каражатын жана теңдөөчү гранттын экономдолгон бөлүгүн  Көл-Төр айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалсын жана бекитилсин.

4. 2023-жылга өзгөртүлгөн Көл-Төр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова