Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы

 

2023-жылдын 2-октябры № 29

Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин калган каражатын жана бала бакчанын атайын эсебинин жыл башында пайдаланылбай калган бөлүгүн бөлүү  жөнүндө

 

Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин  калган бөлүгүн  жанабала бакчанын атайын эсебинин жыл башында пайдаланылбай калган каражатын   бөлүү  боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап  Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1.Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинде каралган акча каражатын:

 - Крематор алууга 70629бөлүмүнүн  31113290беренесиндеги 300 000сом - АРИС долбоору менен ишке кирген Коңур-Өлөн айылындагы К.Иманалиев орто мектебинин сыртын жылуулоо иштерине жылдырылып берилсин.

 

2. Бала бакчанын атайын эсептеги жыл башындагы 3030сом акча каражатын 70911бөлүмүнүн 2222 беренесине;

 

Бардык акча каражаты:

                 70921 бөлүмүнүн  3111 беренесине  300000сомду

                 70911 бөлүмүнүн  2222 беренесине  3030сом

               

Бардыгы: 303030сом (үч жүз үч миң отуз сом.)

 

3. Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин пайдаланылбай калган 303030сом акча каражаты айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалсын жана  бекитилсин.

 

4. 2023-жылга өзгөртүлгөн Көл-Төр айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана каржы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова