УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы
2023-жылдын 3-февраль № 125
Оттук айылындагы суу сактагыч курууга 10 га жерди муниципалдык менчикке алууга жана трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Оттук айылындагы суу сактагыч курууга 10 га жерди муниципалдык менчикке алууга жана трансформациялоого макулдук берүү боюнча К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оттук айылындагы суу сактагыч курууга 10га жерди муниципалдык менчикке алууга жана трансформациялоого макулдук берилсин .
2. Оттук айылындагы суу сактагыч курууга 10га жерди муниципалдык менчикке алууга жана трансформациялоого макулдук берүү тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы №125 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Жолалиев |