Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы

 

2023-жылдын 3-февраль № 121

Туура-Суу айылынан 4 га жер участогун кичи ГЭС курууга трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

 

Туура-Суу айылынан 4 га жер участогун кичи ГЭС курууга трансформациялоого макулдук берүү боюнча К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин   корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 Туура-Суу айылынан 4 га жер участогун кичи ГЭС курууга трансформациялоого макулдук берилсин .

2. Туура-Суу айылынан 4 га жер участогун кичи ГЭС курууга трансформациялоого макулдук берүүгө тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү  жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 

3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы №121 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Жолалиев