Редакцияот 19.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 19-июну №3/3

Жоош айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин торуктар (аукцион же конкурс) жана түз берүү аркылуу ижарага берүү үчүн комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-ж. № 1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типүү жобонун негизинде Жоош айылдык кеңешинин VI-чакырылыш кезексиз ХI -сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-ж. № 1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин торуктар (аукцион же конкурс) жана түз берүү аркылуу ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

 

 

 

1.

Утуров Ж.Ж.

Жоош айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы

 

2.

Маметова Ч.

Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын катчысы

 

Комиссия мүчөлөрү:

 

3.

Тиллабаев Ж.

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы

4.

Абибилла уулу К

Жоош айылдык кенешинин депутаты

5.

Маматов А.У.

Жоош айылдык кенешинин депутаты

6.

Гайыпов А.

Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

7.

Насырова Б.

Жоош айыл өкмөтүнүн салык инспектору

8.

Охунов Н.К .

Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси

9.

Мавлянова П.

Жоош айыл өкмөтүнүн аялдар кенешинин төрайымы

10.

___________________

Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин өкүлү (макулдашуу менен)

11.

Айыл башчылар

 

2. Жоош айыл өкмөтүндө айыл чарба желерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын иш регламенти бекитилсин.

3.Жоош айыл өкмөтүндө айыл чарба желерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Келечек планы бекитилсин.

4. Жоош айылдык кеңештин аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилүүчү айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасынын мөөнөттөрү жана өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин:

Жоош айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлери боюнча инвентаризациялык иш материалдарына жана Келечек планына ылайык, ижарага берилүүчү айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин милдеттүү түрдө жерди натыйжалуу пайдалануу жана бардык агротехникалык талаптарды сактоо шартында:

- сугат айдоо жерлери 5 (беш) жылдык кыска мөөнөттө, жердин жайгашкан ордуна карата 1 (бир) гектарга чейинки жана 1 (бир) гектар өлчөмүндө;

- кайракы айдоо жерлери 5 (бештен) 7 (жети) жылга чейинки кыска мөөнөттө, жердин жайгашкан ордуна карата 5 гектарга чейинки жана 5 (беш) гектар өлчөмүндө;

- көп жылдык бак дарактар 10 (он) жылга чейинки жана 10 (он) жылдык орто мөөнөттө, жердин жайгашкан ордуна карата 3 гектарга чейинки жана 3 гектар өлчөмүндө;

- жакшыртуу учун инвестицияларды талап кылуучу жерлер, т.а. талап болбогон жерлер 50 (элүү) жылга чейинки узак мөөнөттө, жердин жайгашкан ордуна карата 5 (беш) гектарга чейинки жана 5 (беш) гектар өлчөмүндө белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.Ормонова