Редакцияот 19.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 19-июну №3/4

Жоош айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен торук (аукцион же конкурс) жана түз сатуу аркылуу берүү үчүн комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-ж. № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобонун негизинде Жоош айылдык кеңешинин VI-чакырылыш кезектеги III-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-ж. № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобонун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен торук (аукцион же конкурс) жана түз сатуу аркылуу берүү үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

 

1.

Кадыров О.А.

Жоош айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы

 

2.

Гайыпов А.

Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы

 

Комиссия мүчөлөрү:

 

3.

Таштемир уулу У.

Жоош айылдык кенешинин депутаты

4.

Жолдошов Ч.А.

Жоош айылдык кенешинин депутаты

5.

Насырова Б.

Жоош айыл өкмөтүнүн салык инспектору

6.

Охунов Н.К .

Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси

7.

Маметова Ч.

Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси

8.

Мавлянова П.

Жоош айыл өкмөтүнүн аялдар кенешинин төрайымы

9.

Айыл башчылар

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жоош айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.Ормонова