Редакцияот 07.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 7-августу № 4/1

Жоош айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Кенешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезексиз IV-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жоош айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын 6 айында аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин жана элди таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу үчүн “Абзел” ИСКАКБ, “Султан-Наз”, “Сарай-Суу” СПАлар менен биргеликте иш алып баруу жагы Жоош айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.Ормонова