ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-августу № 4/4
Ар түрдүү маселелер «Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы сайлардан шагыл алып иштеткен ишканаларга берилүүчү жер аянттарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө »
Жоош айылдык кеңешинин депутаты А.Ормонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезексиз IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы сайлардан шагыл алып иштеткен ишканаларга берилүүчү жер аянттарынын өлчөмү 5,0 гектардан ашырылбасын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрайымы |
А.Ормонова |