Редакцияот 07.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 7-августу № 4/6

Ар түрдүү маселелер «Жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн тарифин бекитүү жөнүндө »

Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы К.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезексиз IV-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндөгү” Типтүү Жобого ылайык 2021-жыл үчүн төмөндөгүдөй акы төлөө белгиленсин:

- кара мал үчүн 1 айга 50 сом, жаш малдар үчүн 1 айга 35 сом, кой-эчкилер үчүн 1 айга 10 сом, жылкылар үчүн 1 айга 80 сом, 1 га чөп орок жерлер үчүн 700 сом;

- башка айыл өкмөттөн келип биздин жайыттарга кирген мал жандыктар үчүн кара малга 1 айга 100 сом, жаш малдарга 1 айга 7- сом, кой-эчкилерге 1 айга 20 сом, жылкылар үчүн 1 айга 200 сом.

2. Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Конуш, Марал-Башы жайлоолоруна 2022-жылдан баштап жайытка сувай малдар, жылкылар жана кой-эчкилер жайгаштырылбасын, жогорку жайытка жайгаштырылып келген сувай малдар, жылкылар жана кой-эчкилер Ош токой чарбасынын Тору, Тешик-Таш, Шиш-Дөбө, Ал-Котур жайыттарына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.Ормонова