Редакцияот 07.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 7-августу № 4/7

Ар түрдүү маселелер «Жоош айыл өкмөтүнүн Гайрат жана Кызыл-Кошчу айылдарындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө »

Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезексиз IV-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Гайрат айылындагы мектепке баруучу жолго Бекешов Газыбайдын аты, ал эми Кызыл-Кошчу айылындагы жаны чектеги көчөгө Эшатов Акматтын аты коюлсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, депутаттык этика, дин иштери, мандат, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти сактоо, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.Ормонова