Редакцияот 05.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 5-ноябры № 5/2

Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы жана Жоош айылдык кеңешинин алдындагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын протоколун кароо жөнүндө

Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Аматованын жана Жоош айылдык кеңешинин алдындагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги V-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

2.   Жоош айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 70629 бөлүмүнүн 2215-статьясындагы 730,0 (жети жүз отуз) мин сом акча каражатын иштин зарылдыгына байланыштуу 70629 бөлүмүнүн 3111-статьясына которулуп иштетилсин.

3. Жоош айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган бюджетине кошумча түшкөн киреше бөлүмүндөгү 1000,0 (бир миллион) сом акча каражаты Жоош айыл өкмөтүнүн билим берүү тармагындагы мектептер, бала-бакчалардын кышка даярдыгына карата от казандарына движокторду (генераторлорду) алып берүүгө жана Жаңы - Муун балдар-бакчасынын ремонтуна, Маданият мектебинин эски имаратынын ремонтуна кошумча акча каржатын карап берүүгө жумшалсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.Ормонов