ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-ноябры № 5/5
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын тургуну Тойгонбаев Женишбекке үлүш жерин ажыратып берүү жөнүндө)
Жоош айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын тургуну Тойгонбаев Женишбектин иштетип жаткан 0,80 га үлүш жерине Маданият-Учкун жолу түшкөндүгүнө байланыштуу Жоош айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен Тойгонбаев Женишбекке 0,80 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрайымы |
А.Ормонова |