Редакцияот 05.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 5-ноябры № 5/5-1

Ар түрдүү маселелер (Жоош айылдык кенешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө)

Жоош айылдык кеңешинин төрайымы А.Ормонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги V-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Жоош айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн комиссия түзүлсүн.

2. Питомник айылындагы эски мазардын жери аз калгандыгына байланыштуу жаны мазарга жер ажыратып берүү жөнүндөгү Питомник айылынын элинин арызын карап чыгуу жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана Жоош айыл өкмөтүнүн юристине жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.Ормонова