Редакцияот 15.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кароол айылдык кенешинин 7-чакырылыштагы кезексиз 29-сессиясы

 

2024– жылдын 15-марты № 29/1

 

“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан - “Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Кароол айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-мартындагы №60-сандуу катын карап, Кыргыз Республикасынын жер кодексин, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 30,31,32-беренелерин, Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынынын негизинде Кароол айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароол айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү долбоордогу айланма жолго талап кылынуучу Шералы жана Кароол айылынын тургундарынын үлүштүк сугат айдоо жеринен №99-контур сугат айдоо жалпы аянты 28.91га суралган аянт 0.90га, №693-контур сугат айдоо жалпы аянты 14.15 га, суралган аянт 1.0га, №696-контур сугат айдоо жалпы аянты 51.63га, суралган аянт 0.9га, №712-контур сугат айдоо жалпы аянты 20.26га суралган аянт 1.2га, №713-контур сугат айдоо жалпы аянты 11.94 га суралган аянт 0.4га, №813-контур сугат айдоо жалпы аянты 21.08 га суралган аянт 0.8га, №92-контур 1.0га, суу фондунун жерлери 2.7 га жалпысынан суралган аянт 8.9 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер “категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Кароол айылдык кеңеши 16.09.2021-жылы №5/1 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

3. Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 10-главасындагы айыл чарба багытындагы жерлерди мамлекеттик максат үчүн алууда келип чыгуучу маселелерди жана берилүүчү компенсацияларды Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, “Тез Жол”, “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коомдору менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин акча каражатына зыянын тийгизбестен чечүү жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кароол айылдык кенешинин “Айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт байланыш жана энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Акматалиевге милдеттендирилсин. 

 

Кароол айылдык кенешинин төрагасы

 

Э.М.Эралиев