Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 17-майы №20-2

 

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана руханий жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

·       Батыралиев Ринат-айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;

·       Абакиров Жаркынбек- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;

·       Анаркулова Касиет-Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин ардагер мугалими;

·       Оскомбаева Садакуль- Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

·       Абдуллаева Махбурат-Б.Калымбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими;

·       Муратова Бурмакан- Таштак айылдык аялдар кеңешинин төрайымы;

·       Бекназарова Назира- Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

·       Жакыпова Роза- Б.Калымбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими;

·       Мурзабаев Пусурманкул- Орто-Азия айылынын айыл башчысы

·       Азимбаева Айнура- И.Стамкулов атындагы орто мектебинин директору;

·       Мырзанбетов Кадырали- Х.Кенжаев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими

·       Нусубалиев Кеңешбек-“Ассанабил” кайрымдуулук фондунун кызматкери

2.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

Төрага:

Т.Джороев