Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 17-майы №20-3

 

““Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мыкты мугалими” наамын ыйгаруу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, №17-11 28-ноябрь 2023-жылы токтому менен менен бекитилген Кызыл-Туу айылдык Кенешинин “Мыкты мугалим” Жобосунун негизинде, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     №63 Э. Төрөбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери:

-        Стамова Асымгуль- социалдык педагог, химия жана биология мугалимине;

-        Аданова Бусайра-кыргыз тили жана адабияты мугалимине Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мыкты мугалим” ардактуу наамы ыйгарылсын.

 

2.     “Мыкты мугалим” ардактуу наамын алган мугалимдерге, бекитилген Жобонун негизинде төш белги, күбөлүк жана тиешелүү өлчөмдөгү акча каражатын тапшыруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы

М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

 

3.     Бул токтом www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага:

Т.Джороев