Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 17-майы №20-4

 

“Кызыл-Туу айыл аймагында “Кызыл-Туу кызмат” муниципалдык

ишканасын уюштуруу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинини 51-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 85-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №52 токтомунун негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кайрылуу катын талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу максатында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишкана түзүлсүн.

 

2.     Муниципалдык ишкана юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

3.     Муниципалдык ишкананын аталышы мамлекеттик тилде “Кызыл-Туу кызмат” ишканасы, расмий тилде муниципальное предприятие “Кызыл-Туу кызмат” деп катталсын.

 

4.     Мамлекеттик каттоого кеткен чыгым жергиликтүү бюджеттен каржылансын.

 

5.     Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

6.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

Төрага:

Т.Джороев