Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 17-майы №20-7

 

“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/307 14-май 2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Бостон айылындагы И. Юлдашев атындагы көчөнүн № 85 үй менен жол аралыгындагы 56 м2 жер аянты муниципалдык менчике алынсын.

 

2.     Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

. 

 

 

 

Төрага:

Т.Джороев