Редакцияот 02.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2023-жылдын 2-марты № 154

Түп айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчиктеги айрым имараттарды  аукцион аркылуу сатууга уруксаат берүү жѳнүндѳ

 

         Күн тартибиндеги  Түп айыл ѳкмѳтүнүн  ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчиктеги айрым имараттарды бузууга жана  аукцион аркылуу сатууга уруксаат берүү жѳнүндѳгу   

маселени карап чыгып талкуулап Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XIX -сессиясы токтом кылат:

          

1.     Түп айыл өкмөтүнө караштуу Түп айылынын Боромбай көчөсүндө

жайгашкан азыркы мезгилде жеке оорукана ээлеп турган, мурдагы эски терапия бөлүмүнүн имаратын аукцион аркылуу сатууга;

2. Түп айылынын Мокоев көчөсүндө жайгашкан, мурдагы эски социалдык коргоо башкармалыгы жайгашкан имаратты аукцион аркылуу сатууга;

3. Түп айыл өкмөтүнүн имаратынын арты жагында жайгашкан күрөш залынын имаратын аукцион аркылуу сатууга; 

4. Түп айыл өкмөтүнүн имаратынын арты жагындагы жайгашкан Түп айыл өкмөтүнүн гаражын аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

5. Аукционду  КР мыйзамдарына ылайык өткөрүлүүсү камсыз кылынсын жана аукциондон түшкөн акча каражаттары айыл өкмөттүн эсеп кысабына түшүрүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы  Түп айылдык кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясына жана  Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Чоркозов Э. А.  жүктѳлсүн.

 

Тѳрайым                                                                                              А. О.Орозбекова