Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                         ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XVIII-сессиясы

 

2023-жылдын 24-февралы № 148

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп  айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек араларын бекитүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш кагаздарды карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын  XVIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы” аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттого алынсын.

2.Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылдык аймагынын ТОС

“Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Түп айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.

 

3.Түп айыл өкмөтүнүн/түп айылдык кеңештин   ыйгарым укуктуу адиси

тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарынын журналына каттоо киргизилсин.

 

3.     Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик

актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберилсин.

4.     Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы

  Э. А. Чоркозовго жана Түп айыл өкмөтүнүн инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча адиси Нурлан кызы Алисага жүктөлсүн.  

 

Тѳрайым                                                                                              А. О.Орозбекова