ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XVIII-сессиясы
2023-жылдын 24-февралы № 147
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылдык аймагынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Түп райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан сунушталган Түп айылдык аймагынын башкы планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап, чыгып талкуулап Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түп айылдык аймагынын башкы планы жактырылсын жана бекитилсин.
2. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Чоркозов Э.А. муниципалдык
менчиктеги жерлерди берүүдө бардык иштерди башкы пландын негизинде аткарылышын камсыз кылуусу милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеңешинин
жер маслелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрайым А. О.Орозбекова