Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XVIII-сессиясы

 

2023-жылдын 30-январы № 146

Түп  айылдык аймагынын көрктөндүрүү жашылдандыруу, тазалыкты жана тазалыктын тартип эрежелери боюнча иш-чарасынын планын  бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын  XVIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1.Түп  айылдык аймагынын көрктөндүрүү жашылдандыруу, тазалыкты жана тазалыктын тартип эрежелери боюнча иш-чарасынын планы бекитилсин. (тиркеме 1)

2. Түп айыл өкмөтүнүн башчысына  белгиленген  иш-чаранын планын

аткарууга алып жана  ар бир квартал сайын  аткарылган иштердин маалыматын түп айылдык кеңештин отурумуна берип туруусу каралсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Түп айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Токбаевге жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянына  жүктөлсүн.

 

Тѳрайым                                                                                              А. О.Орозбекова