Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XVIII-сессиясы

 

2023-жылдын 30-январы № 141

 2023-жылга Түп айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин жана 2024- 2025 жылдарга   болжолун     бекитүү

 

       Түп  айыл аймагы 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча 2024-2025 жылдардын кирешелеринин долбоору жѳнүндѳ Түп айыл ѳкмѳтүнүн  башчысынын  билдирүүсүн  угуп  жана  талкуулап  Түп айылдык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын   ХVIII -сессиясы токтом кылат:

1.              2023-жылга Түп айыл аймагынын жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгашалар  

         боюнча 38073,9 миң сом атайын каражаттын эсебинен 3080,0 миң сом баардыгы  

         41153,9 миң  сом кѳлѳмүндѳ № 1  тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү бюджеттен 2023-жылы каржылануучу чыгашаларынын кѳлѳмү  

         мекемелер жана №2,2-1 тиркемелерине ылайык бекитилсин.

3.  “Имараттар жана курулуштар” беренеси боюнча каржылоого  бѳлүнгѳн каражаттар  

         обьектилер боюнча № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. 2024-жылга киреше жана чыгашалардын долбоору  51407,9 миң сом кѳлѳмүндѳ.

          2025- жылга киреше жана чыгашалардын долбоору  55456,9 миң сом кѳлѳмүндѳ         

          №4 тиркемеге ылайык жактырылсын.

5. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер,  

         коммуналдык  кызматтар жана кѳмүр алуу боюнча жүргүзүлсүн.

6. Айыл аймагынын башчысынын резервдик фондусу 376,9 миң сом ѳлчѳмүндѳ каралсын.

7. Бюджеттик мекемелерге казына системасын четтен ѳтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.Кѳрсѳтүлгѳн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.

8. 2023-жылдын 1-январына карата айыл аймактын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык  накталай акча 30,0 миң сом суммасында белгиленсин.

9. Айыл аймактын бюджети айыл ѳкмѳтүнүн каржы -экономикалык бѳлүмү тарабынан түзүлгѳн кирешелер жана чыгашалардын жазылышы боюнча бекитилген мекемелердин чыгашалар сметасына ылайык аткарылат.

10. Ушул токтом 2023-жылдын 30-январынан тартып күчүнѳ  кирет.

11. Бул токтомдун  ишке ашыруу жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.

 

Тѳрайым                                                                                              А. О.Орозбекова

 

 

 

                                                                                   № 3 тиркеме

                                               Түп  айылдык кеңешинин

                                                XXVIII- чакырылышынын

                                                                            XVIII –сессиясынын  №141   чечими менен  

                    бекитилди    

     

2023-жылга Түп  айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 3111- беренеси “Имараттар жана курулмалар”, 3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” жана 3113 “Башка негизги каражаттар   мекемелер боюнча бѳлүнүшү.

 Түп  айыл ѳкмѳтү боюнча “Имараттар жана курулмалар” үчүн каралган акча каражаты баардыгы 14115,4 миң  сом анын ичинен;

Аткаруу органдары боюнча- 1500,0 миң сом

Түп айыл ѳкмѳтүнүн имаратынын ичине суу түтүкчѳлѳрүн орнотууга-1000,0 миң сом

Түп айыл ѳкмѳтүнүн имаратынын алдынан кире беришине чейин жаан ѳтпѳс тосмо менен жабуу жумуштарына-500,0 миң сом

Турак жай коммуналдык чарбасы  боюнча –5015,4 миң сом

Түп айылындагы Шиловец кѳчѳсүнүн тротуарын аягына чейин куруу жумуштарына-2015,4 миң сом.

Түп айылындагы Бакай  кѳчѳсүнүн аягына чейин асфальтто тѳшѳѳ  жумуштарына-3000,0 миң сом.

Эс алуу жана маданият тармагына-500,0 миң сом

Шаты айылындагы маданият үйүнүн чатырын оңдоп түздѳѳ жумуштарына-500,0 миң

Билим берүү тармагы  боюнча-7100,0  миӊ сом

Кайкин орто мектебинине жылытуу системасын капиталдык оңдоо жумуштарына -6000,0 миӊ сом.

Бирлик орто мектебине   ажаткана салууга -600,0 миӊ сом

Молдогазиев орто мектебинин алма багынын тегерегин курчоого-250,0 миң сом

“Бакыт” бала бакчасына тамак аш жасалуучу аш канасына аба сордургучун жасатууга-250,0 миң сом.

Түп  айыл ѳкмѳтү боюнча 3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар”  үчүн каралган акча каражаты баардыгы 1040,2 миң  сом анын ичинен;

Аппарат-518,0-миң сом

Компьютерлерди жана  тиешелүү жабдыктарды алууга (Инфо –докс  тармагына ылайык ) -230,0 миӊ сом,

Түп айыл ѳкмѳтүнүн имаратынын  ичине жана кеңселерине видео кѳзѳмѳлүн орнотууга-180,0 миң сом,

Түп айылдык кеңешинин кеңсесинин ичине :1-даана кресло, 1-даана компьютер ж.б керектелүүчү жабдыктарды алууга-108,0

Коомдук тартипке- 70,0 миӊ сом

Эмеректерди алып берүүгɵ - 70,0 миӊ сом,

Суу менен камсыз кылуу – 200,0 миӊ сом

Суу насосторун алууга -200,0 миӊ сом

Китеп каналарга- 120,0миӊ сом

Компьютер жана түстүү принтерлерди алууга – 120,0 миӊ сом

Билим берүү тармагы  боюнча- 100,0 миӊ сом: анын ичинен

Карымшаков  орто мектебине- 100,0  миӊ сом

Робототехника (лего конструктор)-100,0 миң сом

Балдарды коргоо борборуна- 32,2  миӊ сом

Компьютерлерди жана  тиешелүү жабдыктарды алууга -32,2 миң сом

3113 “Башка негизги каражаттар” каралган акча каражаты боюнча:

Турак жай коммуналдык чарбасы  боюнча 80,0 миӊ сом:

Кɵчɵттɵрдү  алууга -80,0 миӊ сом.