Редакцияот 06.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын XVI-сессиясы

 

2022-жылдын 6-декабры № 132

Түп айыл өкмөтүнүн  Түп муниципалдык коммуналдык тиричилик чарбасына  акыр-чикирлерди чыгаруучу контейнерлерге  ай сайын алынуучу тарифинин өлчөмүн  бекитүү жөнүндө

 

         Күн тартибиндеги Түп айыл өкмөтүнүн  ТМКТЧ акыр-чикирлерди чыгарууну ирээтке келтирүү максатында, келишим менен алынган контейнерлерге, ай сайын алынуучу тарифинин өлчөмүн  бекитүү жөнүндөгү маселени  карап чыгып, талкуулап Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XVI-сессиясы токтом кылат:

          1.Түп муниципалдык коммуналдык тиричилик чарбасына  акыр-чикирлерди чыгаруучу контейнерлерге  ай сайын алынуучу тарифи 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

.

2.Түп муниципалдык коммуналдык тиричилик чарбасына акыр-чикирлерди чыгаруучу контейнерлер орнотулган кожолуктар менен жеке келишимдерди  түзүү жагы милдеттендирилсин.

 

3. Ушул өлчөмдөгү акча каражатын төлөбөгөн кожолуктардан акыр-чикир чыгаруучу контейнерлерди алып салуу жагы каралсын.

 

         

5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Чоркѳзов Э. А.  жүктѳлсүн.

 

 

 Тѳрайым                                                                                             А. О.Орозбекова