Редакцияот 20.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын

XXII-сессиясынын

2023-жылдын 20-июну № 167

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө 20-статьясындагы,  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө

 

         “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө 20-статьясындагы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мамлекеттик счтатистика бөлүмү менен түзүлгөн келишимдин негизинде Түп айылдык кеңеши токтом кылат:

 

          1.“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүүнүн тартиби жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 жылдын 19-декабрындагы №715 “Статистикалык маалымат жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтомунун негизинде Түп айыл өкмөтүнө статистика боюнча иш аракеттерди алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жетектөөчү статист бирдиги бекитилсин.

         

2. Түп райондук статистика бөлүмү менен Түп айыл өкмөтүнүн ортосундагы 2023 жылдын 7-июнунда  түзүлгөн № 1  келишим бекитилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы Түп айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.А. Чоркозого жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                            А. О. Орозбекова